Улукбек Марипов санариптештирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов санариптештирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Санариптештирүү - бул глобалдык процесс, жаңы доор. Бүгүнкү күндө санариптештирүү дүйнөлүк тренддердин бири болуп саналат, ал эми жаңы санариптик технологияларды ишке киргизүү тажрыйбасы күн сайын күч алууда. Заманбап санариптик технологияларды пайдалануу маанилүү жана актуалдуу процесс болуп жаткандыгын жалпыбыз түшүнүп турабыз. Атап айтканда, келечекте дүйнөлүк атаандаштык мейкиндигинде татыктуу орун ээлөө үчүн жаңы чет элдик рынокторго чыгуубуз зарыл", - деди Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, мамлекеттин негизги максаты – жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү менен элге кызмат кылуу.

"Тажрыйба көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө өлкөдөгү санариптештирүү процесси кыйынчылыктарга туш келүүдө. Буга мамлекеттик тейлөө алуудагы бюрократияга байланыштуу жарандардан түшүп жаткан сын-пикирлер далил болот. Абалды жакшыртуу максатында кардарга багытталган чөйрөнү түзүүнү караган "Кыргыз Республикасынын 2021-2023-жылдарга санариптик экономикасы" жаңы концепциясынын үстүндө иш башталды. Базалык жана инфраструктуралык долбоорлорду унутта калтырууга болбойт. Ошондой эле президенттин жарлыгында жазылган жана калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ишкер субъектилерин коргоого жана колдоого алууга багытталган бир катар максаттарга жетишүүгө өзгөчө басым жасоо зарыл", - деди Улукбек Марипов.

Министрлер кабинетинин төрагасы каралып жаткан документте мамлекеттин күч-аракетин активдештирүү зарыл эсептелген негизги артыкчылыктар так белгилениши тийиштигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан