Казандагы куралдуу атышуудан 25 жаштагы мугалим окуучусун октон сактап калууга аракет кылып, өзү окко учкан

Казандагы мектептеги куралдуу кол салуудан улам курман болгон 25 жаштагы мугалим Эльвира Игнатьева окуучусун сактап калууга аракет кылган. Мындай маалымат чет элдик басылмаларда жазылды.

Андагы маалыматка караганда, англис тили сабагынан берген 25 жаштагы Эльвира Игнатьева кылмышкердин огунан окуучуну сактап калуу үчүн аны четке түртүп, өзү 19 жаштагы Ильназ Галявиевдин огунан курман болгон.

Мектеп жамаатынын айтымында, Эльвира Игнатьева 2018-жылы "жылдын мугалими" сынагында 2-орунга ээ болгон. Ошондой эле ал Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасына позитивдүү жашоого шыктандыруучу постторду жарыялап турчу.

Андан сырткары учурда жандандыруу бөлүмүндө математика сабагынан берген мугалим өтө оор абалда жаткандыгы айтылууда. Ага Ильназ Галявиев биринчи ок чыгарган.

Буга чейин Казандагы мектепке 2 жигит курал менен кол салып, андан 11 адам каза болуп, 32 адам жаракат алгандыгы, ошондой эле атышууну уюштурган эки жигит тең колго түшүрүлгөндүгү жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nazira...
2021-05-12 00:23:23
"Татар төрөлгөндө еврей ыйлаган" деген туура да. Кудай сактасын биздин балдарды, бизге да охрананы катуу коюш керек, азыр айта албайсын подросковый балдарды, заман өзгөрүүдө.
+1
Zarema11
2021-05-12 00:58:50
экөө эле деп берилип жатпайбы. Бирөөсүн кармай элек деп билдирген Российский сайттарда. Барымтага үчүнчү кабатта окуучуларды алып олтурган деп айтып жатышат.Эмнеси болсо да күнөөсүздөр кош айтышты. Щаманды бузгандар көбөйүп баратышат.
+1
Zarema11
2021-05-12 00:59:24
Заманды
0
Tariel_tt
2021-05-12 01:03:15
Пабжи же фри файер ойногон балдардын поколениеси осуп келе жатат. Бул биз учун чон сигнал болуш керек. Өлүм жана адам олтуруу булар учун оюн болуп калбасын.
+2
EddieNigma
2021-05-12 09:04:48
Tariel_tt,Дотанын куйорманы экен. А доташниктер, Фри Фаерди, ПАБДЖИни жаш балдардын оюну деп, признавать этпейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан