Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети көчмө жыйын өткөрүп, Мамлекеттик тарых музейиндеги абал менен таанышты. Андагы айтылган маалыматтар тууралуу тармактык комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова 11-майда "Парламент" радиосуна маек куруп жатып Тарых музейинин ички жасалгаларынын заманбап санариптик программалар менен коштолушу жакшы жаңылык экенин айтты.
"Бул багытта германиялык Vitrinen-und Glasbau REIER компаниясы менен болгон кызматташтык аркылуу электрондук башкаруу элементтери ишке кирмек. Бирок анын азырынча токтоп турушуна аталган компанияга кайтарыла турган 225 миӊ евро карыздын кармалып тургандыгы ишке кедергисин тийгизүүдө.
Өз ара эсептешүүлөр толугу менен такталмайынча музей ичиндеги электрондук программалардын ачкычтарына бир тараптуу ээ болуу катып турат. Бул маселени ыкчам чечүү аракетинде өкмөт өкүлдөрү менен тыгыз кызматташып, каражат табуу булактарын тездетүүнү табыштадык.
Тармактык министрликтин тастыктамасына караганда, Тарых музейи көрүүчүлөр үчүн өз эшигин 31-августта эгемендүүлүк күнүндө ачат", - деди депутат.