"Кезек Чемпиондор Лигасында". "Манчестер Сити" командасы мөөнөтүнөн мурда Англия чемпиону аталды

Бүгүн, 12-майда футбол боюнча Англия чемпиондугунун 36-турдук оюнунун алкагында "Манчестер Юнайтед" командасы өз үйүндө "Лестер Сити" командасын кабыл алып, оюн 1:2 эсебинде коноктордун жеңиши менен аяктады.

Бул оюндун жыйынтыгы менен 35 оюнда 80 упай топтогон "Манчестер Сити" командасы Англия Премьер-Лигасын мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Турнирдик жадыбалда экинчи орунда келе жаткан "Манчестер Юнайтед" алдыдагы үч оюнда тең жеңишке жетсе да, упайлардын санын жеткире албайт.

Муну менен "Манчестер Сити" өз тарыхында жетинчи ирет Англия Премьер-Лигасын жеңип алды. Алар алдыдагы үч оюнда "Ньюкасл Юнайтед" жана "Брайтон" менен конокто, "Эвертон" менен өз үйүндө оюн өткөрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан