Колумбия бийлиги жакыр жарандары үчүн жогорку билим алуу акысын жоюп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Иван Дукеге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
"2021-жылдын экинчи семестринен тартып университеттерде жана мамлекеттик техникалык жана технологиялык мекемелеринде жакырлардын 1, 2 жана 3 катмарынын өкүлдөрү үчүн акысыз билим берүү болот", - деген Дуке.
Колумбияда 28-апрелден бери салык реформасына каршы демонстрациялар өтүп жатат. Толкундоолор Кали, Богота, Медельин жана башка шаарларда болгон. Натыйжада миңден ашуун адам жаракат алып, 42си каза болду.