Коңшу Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 1938-жылы өндүрүштөн чыккан Mercedes-Benz унаасы сатыкка коюлду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, күмүш түстөгү Mercedes-Benz унаасы өндүрүштөн чыкканына 83 жыл өтсө дагы 1 эле чакырым жүргөн. Унаа жасалгалоодон өткөн жана ал 80 миң долларга сатыкка коюлган.
Буга чейин Өзбекстанда 1939-жылы өндүрүштөн чыккан Opel Kadett унаасы 1 миллиард сумга (болжол менен 95 миң АКШ доллары) сатылган. Ошол эле учурда 4-майдан 7-майга чейин Ташкент шаарында ретро унаалардын маршы жана сейрек кездешүүчү унаалардын көргөзмөсү болуп өткөн.