"Памирге кетсекпи деген ойлор жаралган, бирок президент оюбуздан кайтарды" дейт Алайдагы памирлик кыргыз

Памирден келген кыргыздар Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылынан Талды-Суу айылына 24-октябрда көчүп барышкан. SUPER.KG порталы боордоштордон айылдын климатына, жашоо-шартына көнүп калганына кызыгып кепке тарттык.

Боордоштордун бири Нажмидин Абдукарим уулу Памирден өлкөгө келгенине 4 жылга чукулдап калганын айтып, Памирге кетүү ою болгонун, бирок президенттин айткан сөзү оюн өзгөрткөнүн айтып өттү.

"Бизде кайрадан Памирге кетсекпи деген ойлор жаралган. Жашаган үйүбүздү башында убактылуу деп айтышкан. Бул жакта үй-жай, мал жок болгондуктан Памирге барып, тиричилигибизди уланталы дегенбиз. Ал жактагы малыбызды туугандарга таштап келгенбиз. Ошол жакка барып, тиричилик кылсакпы деген ой келген. Бирок президент Садыр Жапаров келип оюбуз өзгөрдү. Ал үй, короо-жай, мал курап бергенге жардам берем деп айтты. Ошондон улам кетебиз деген оюбуздан кайттык. Президент ар бир үй-бүлөгө 1 баш жылкы, 10 кой жана 1 уй берем, ошол менен мал курап аласыңар деди. Дагы Памирден башка боордошторду дагы бул жакка алып келебиз дегенинен оюбуздан кайттык.

Мектептин убактысы бүттү. Окуганды жакшы үйрөнүп калдык. Унаа айдаган, кийим тиккен сыяктуу кесиптерди үйрөнсөк жакшы болмок.

Азыркы учурда 2-3 киши Памирге барып, туугандарды көрүп келсекпи деп пландап жатабыз", - деди Нажмидин Абдукарим уулу.

Ошто 3 жылдан бери билим алып келе жаткан Нурулхуда Турдиахун уулу айылдагы турмуш тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

"Айылдагылар Орозо айында эч кандай иш менен алек болбой эле жатышат. Өткөндө президент келип жолукканда азык-түлүк түшүрүп берген. Ошону жеп эле жатышат.

Паспорт алдык. Республика боюнча Памирден келгендер 105 киши жашайт экенбиз. Ошолордун баары документ алды.

Аба ырайы азыр жакшы эле. Күн жылыды. Каалоочулар баары эле окуп жатышат. Чоң кишилер деле 1-класста окуп, тамга таанып, сабатын жоюп жатышат.

Кудай буюрса, баары бул жактагы жашоо-шартка көнүп калышты. Памирге кетебиз деген маселелер деле жок. Айылда 3-4 адам чогулуп Памирге барып келсекпи деген ойлору бар.

Бизде ар кандай: чабаты, каттама, казан каттама, саманаак, палоо деген тамактар бышырылат. Көпчүлүгү эттен, күрүчтөн жасалат.

Президент Садыр Жапаров жеке өзүнүн атынан Орозо бүткөн соң ар бир үй-бүлөгө 10 кой, 1 жылкы жана 1 уй берем деп убада берди. Кудай буюрса, ошону берсе аларды багып, тиричиликтерин улантуу максаттары бар.

Мындан сырткары 20-25 жаштагы жигиттер Орозо айы бүткөн соң Ошко барып, анча-мынча менчик ишканаларда иштөөнү пландап жатышат.

Өзүм жөнүндө айтсам Ошто 3 жылдан бери билим алып келем. Быйыл окууну бүтүрүп жатам. Жогорку Республикалык тестирлөөгө катышам. Буюрса, 200 балл алам деп ойлоп жатам. Кийин университетке тапшырам", - деп билдирди Турдиахун уулу.

Азыркы учурда Сары-Могол айылынан Талды-Суу айылында Памирден келген 65 адам жашап жатканын Талды-Суу айыл өкмөтүнүн катчысы Ырыскан Орколова билдирди.

"Учурда Алай районундагы Талды-Суу айылында Памирден келген 65 адам жашайт. Алардын ичинен 39у 18 жашка чейин, калгандары андан жогору курактагылар. Мектепте 44 адам билим алууда.

Буга чейин үй тиричилигине тийиштүү жумуштарды үйрөтүү иштерин жүргүзүп келгенбиз. Жыйынтык биз ойлогондой эмес, бирок үйрөнүп жаткандар бар. Тургундарга азык-түлүк мамлекет тарабынан берилип жатат. Памирлик боордоштор өздөрү тиричилик кылып, иштегенге чейин мамлекет азык-түлүк менен камсыз кылып турат.

1450 сом өлчөмүндө балдарына жөлөк пул берилет. Жакында балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк дагы берүү пландалууда", - деди Ырыскан Орколова.

Маалымат үчүн:

Мамлекет тарабынан Талды-Суу айылына 11 үй курулуп, аларга 17 үй-бүлө жайгаштырылып, үй тиричилигине жана азык-түлүгүнө жардам көрсөтүлгөн. Бюджеттик каражаттардан тышкары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана демөөрчүлөр тарабынан каржылык жардам берилип келет.

Алай районунун Талды-Суу айылында жашап жаткан памирлик кыргыздарга паспорт берилген. Анда жалпы 44 жаранга ички жарандык паспортторун өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов тапшырган.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 16-апрель күнү Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 111 адам, алардын 60 чоң киши жана 51 бала Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан.

Алардын баары Ооганстан жана Кытайдан келген этникалык кыргыздар.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kg627
2021-05-12 17:35:43
10кой,1жылкы 1уй берем деппи Садырава.1тонна алтын да токтуруп берет.Убакыт бергиле Садыр авама,кетем дебегиле.Мечта..........
-7
al-abu-kinesz
2021-05-13 12:02:50
kg627, сага оозуна талкан салып жургон Соке, кыргызды кытайга салып берген Аша, батышты туураган Роза, Бакиев, Акаев сыяктуулар керекпи? Же жер сатып жургон Адахан керекпи
-2
algakaray
2021-05-13 12:07:26
Бир туугандарыбызды жакшылап багып алалы. Кыргыз деген каны, духу бар кантсе да озубуздун боорлорубуз. Эл деле бирден экиден мал кылып кобойтуп алгыла деп жардам кылсак болмок коп тукуруп кол кылып.
+5
nazira...
2021-05-13 13:35:24
Туура эле айткан ажо. Же болбосо памирде.туугандарына калтырып келишкен мал мүлкүн эптеп алып келип бериш керек.
+2
Akujan1408
2021-05-14 01:12:21
Памир деги мал жандыктарын сатыппы или кылса бир нерсе кылып бул жактан башка алып ошону кураштырып кетсе болбойт бекен.ал жакта Бекер эле биоолорго таштабац.Презитентибиз убада кылган нерселерин беруу мамлекетке кыйын болбойбукен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан