Сокулук районунда үйдөн ноутбук уурдай качканга шектелип, 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-апрель күнү Сокулук РИИБине Новопавловка айылынын жашоочусу арыз менен кайрылып, анын үйүнөн белгисиз бирөө ноутбугун жана буюмдарын уурдап кеткенин билдирген.
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Сокулук РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 19 жаштагы М.А. аттуу кыз кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.