"2011-жылга чейин карылар үйүндө каза болгон мусулмандар да, христиандар да табытка салынып жерге берилген" дейт Бишкектеги карылар үйүнүн жетекчиси

Кимди кандай тагдыр күтөрү белгисиз. Бишкек шаардык улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемеге келген ар бир адам ар кандай тагдырды баштан кечирип келген. Кээ бири чындап эле кароосуз калып, айласы жоктугунан келсе, кээ бирлерин балдары атайын таштап кетишерин бул жайдын жетекчиси Эркингүл Абдылдаева айтат:

"Ата-эненин балдарына болгон мээрими ушундай жогору, керек болсо жанын бергенге даяр экенин ушул жерден көрөбүз, себеби айрымдар ата-энесин таштап кетишип, качан гана алардын пенсия алчу убактысы болуп калганда келет. Ошондой болсо дагы эненин жүрөгү ушундай мээримдүү, балдарына пенсиясын берип турушат. Ата-энелер муну балдар менен болгон кандайдыр бир байланыш болуп турары менен түшүндүрүшөт, бербей койсо балдары келбей коюшат деп айтышат",- дейт Абдылдаева.

Алар мурдагы жашоолорун эстеп депрессия, стресске кабылбаш үчүн маал-маалы менен ар кандай маданий иш-чаралар өткөрүлүп турат. Көпчүлүгү кол өнөрчүлүккө жөндөмдүү, колунан келген бардык нерселерди жасашат.

Эркингүл Абдылдаева 2011-жылга чейин бул жердеги карылар: мусулман дининдегилер дагы, христиан диндегилер дагы, бардыгы бирдей шартта табытка салынып көмүлөрүн билдирди.

"Мурунку жетекчилик орус улутунан болуп, мусулман адамдарды акыркы сапарга узатуу шарттарын жакшы билбегендиктен бардыгы табытка салынып узатылып келген. Кийинчерээк биз жетекчи болуп калдык, 2011-жылы бул маселе боюнча муфтиятка кат жөнөттүм, ошол кездеги муфтий Чубак Жалиловдун колдоосу менен ар бир жаран өз дининин шарты менен узатылып баштаган", - деди Абдылдаева.

"Ата-энесин таштап кетишип, пенсия алчу убактысы болуп калганда гана келет"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан