Баткенге Тажикстандын фураларын өткөрбөйбүз деген жарандарга орой мамиле жасаган милиция кызматкерине карата териштирүү башталды

Буга чейин Баткен облусунда милиция кызматкерлери Тажикстандын фураларын өткөрүп жатат деген видео тарап катуу талкууга алынган. Анда облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкеринин сөгүнүп, жарандарга кылган мамилеси дагы талкуу жараткан. Бул боюнча кызматтык териштирүү башталганын облустук милициядан билдиришти.

"11-май күнү Баткенде 3 тажик жарандарынын оор жүк ташуучу унаасы келип, эл тарабынан токтотулуп, ызы-чуу салганда облустук ички иштер башкармалыгынын айрым бир кызматкерлери тарабынан одоно мамиле жасалган. Ошол жерде турган жергиликтүү тургундар менен сөгүшүп жаткан видеолору коомчукка социалдык тармак аркылуу таркап, милициянын беделине терс пикирлер жазылды.

Облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин жүрүм-турум нормаларына туура келбеген жагдайларды жараткандыгы үчүн ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүүлөр башталды. Кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгында бул кызматкерлерге тартиптик чаралар колдонулат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Aibek_eka
2021-05-12 11:25:32
Саткындар даминари баскыла эл жаман тажикке кошуп силерди да орттоп жиберет жугун тушуруп алып оздорун тазикстанга киргизгиле
+12
aslonur
2021-05-12 11:37:31
Органдагылар негизи эле ошондой мамиле жасап калган, калп эле ИИМ билбегендей болуп калат
+9
zam81
2021-05-12 11:52:45
Алдагыны кошуп кетирип жибериш керек тажикистанга копконун эл кандай экенин билбейтда
+12
jokebai
2021-05-12 14:36:55
Баткенде канча уйлорду тоноп кетти тажиктер бул фуралардын жугун тушуруп калышкерек
+5
Dembele84
2021-05-12 15:29:55
Кыргыз милициясы онолбойт.Алар жеш,тонош учун орношкон ал жумушка,элге жардам берейин деп эмес
+4
nurik73
2021-05-12 18:28:54
Ит экен го сволучтар. Сатылып кеткен немелер да булар эчактан бери контабанданы откоруп крышавайт кылып жургон немелер да
+2
Baktiluumun.
2021-05-13 11:29:50
Акча учун элин , жерин да сатат булар.согуш учурунда каякта журдунор чакчандап корунбодунорго.Карапайым элдин жараатына түз себип.Канча элди тоноп , өлтүрүп , кетти булар.Кандай акмак сыңар дагы тажиктер менен мамиле кылып.Бирда жүк киргизбей , чыгарбай да коюш кк иттерге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан