"Леванте" - "Барселона" 3:3. "Барселонанын" башкы машыктыруучусу Рональд Куман кызматтан кетеби?

Бүгүн, 12-майга караган түнү футбол боюнча Испания чемпиондугунун (Ла Лига) 36-турдук оюнунун алкагында "Леванте" командасы өз үйүндө каталондук "Барселона" клубун кабыл алып, оюн 3:3 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Бул оюнда "Барселонанын" жеңишке жетип, турнирдик жадыбалда биринчи орунга чыгууга толук мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок "Леванте" командасы оюндун экинчи бөлүгүндө укмуштуудай оюн өткөрүп, оюн 3:3 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Бул оюндун жыйынтыгы менен "Барселона" 36 оюнда 76 упай топтоп "Атлетико Мадрид" командасынан кийин (77 упай) турнирдик жадыбалда экинчи орунга жайгашты. Ал эми үчүнчү орунда 75 упайы менен "Реал Мадрид" командасы келе жатат.

Оюндан кийин "Барселона" командасынын башкы машыктыруучусу Рональд Куман клубдагы келечеги жөнүндө суроого жооп берген.

"Машыктыруучу катары жоопкерчиликти мен алам. Тыныгуу учурунда биз коргонууда жакшы оюн алып барууну сүйлөшкөнбүз. Менин көңүлүм калды. 2:0 эсебинде жеңип жатып тең чыккан бул болбойт. Клубда машыктыруучуларга ар дайым келечеги жөнүндө суроолор берилип турат. Мен түшүнөм, оюндун мындай экинчи бөлүгүнөн кийин менде суроолор пайда болуп жатат", - деген Куман.

"Леванте" - "Барселона" (3:3)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-05-12 15:26:53
Чемпиондука татыктуу оюн корсото албады быйыл Барселона.Тренерди жок кылыш керек,оюндун тактикасы жок,оюнчулардын таланты менен эле гол киргизип суйролуп журот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан