11-майда Кытайдын Сиань шаарында расмий иш-сапарынын алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана анын кытайлык кесиптеши Ван Инин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-кытай кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулап, бир нече келишимдерге кол коюшту. Ван И кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын аракеттерин белгиледи.
"Кыргыз өлкөсүнөн Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоону андан ары кеңейтүү, "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пункттарынын ишмердигин оптимизациялоо, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, Кыргыз жеринде гранттык долбоорлорду ишке ашыруу, "Кытай-Кыргыз өлкөсү-Өзбекстан" темир жолун куруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жөнгө салуу, Кытай инвестицияларын тартуу, "Бир алкак – бир жол" демилгесинин алкагында биргелешкен инфратүзүмдүк долбоорлорду илгерилетүү маселелерине көңүл бурушту", - деп айтылат маалыматта.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы КЭРдин жетекчилигине ушул жылдын март айында 150 миң доза көлөмүндө кытай вакцинасын акысыз негизде бергендиги үчүн жана COVID-19га каршы күрөшүүдө Кыргыз өлкөсүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Түзүлгөн келишимдер:
- 150 миң доза көлөмүндөгү кытай вакцинасынын экинчи партиясын акысыз негизде гуманитардык жардам катары берүү;
- Кыргыз Республикасынын экономикасын колдоо үчүн 350 миллион юань (54 миллион АКШ долларына жакын) өлчөмүндө грант бөлүү;
- Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын алдындагы мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу үчүн кошумча үстөк койбоо жөнүндө;
- COVID-19 пандемиясынын айынан убактылуу токтотулган гранттык долбоорлорду ишке ашырууга катышкан кытайлык адистерди Кыргыз Республикасына жөнөтүү;
- Кыргыз Республикасына азык-түлүк жардамын көрсөтүү маселесин карап чыгуу.
"Кыргыз Республикасынан Кытайга экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын (картошканы, буурчакты, рапсты жана жүзүмдү) экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө кытай тарап кызыгуусун билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда 2022-2023-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюлду", - деп айтылат маалыматта.