"Суперстандын" "Жүрөк сыры" бөлүмүнө "Күйөөсүнөн өч алыш үчүн өз баласын иттерге таштаган аял" деген аталыштагы окуя жарыяланган.
Автор: "Бирине зар дүйнө, бирине кор дүйнө.
- Кечээ ооруканада күзөттө элем. Бизде оор абалдагы оорулуунун өзү болбогондуктан ңөөмөт ар дайым тынч өтчү. Түнкү саат экиден өткөндө сырттан ызы-чуу добуш келди. Иттердин арсылдап үргөнү, кыңшылап бакырганы жана эркек кишинин башкача үн менен бакырганын угуп медайым экөөбүз сыртка чуркадык. Добуш кароолчу Эркин аксакалдын үнүнө окшош эле. Оюбузда бир гана суроо эмне болду, тынччылык бекен? Неге мындай башкача бакырды деген.
Кароолдун жаткан кичинекей бөлмөсүнө кандай чуркап барганыбызды да билбейм. Кирсек эч ким жок эле. Ошондо добуш бак жактан келип жатканын түшүнүп ошол жакка чуркадык. Чоң өрүк астына жеткенибизде кароолдун карааны көрүндү. Караңгы болгону үчүн кол телефондун чырагы жанык болчу. Анын жарыгын Эркин аксакалга туштадым. Анын бир колу кан, үстүндөгү кийген тону жана шымы жыртылып айрылып кеткен. Ондогон каракчы менен алышкан адамга окшош эле. Коркуудан мен калтырап жаттым. Жакын жерде болсо дале иттердин үргөнү угулуп турат эле.
-Тынччылыкпы? - деп суроо бергенимди билем, эки аттап жаныма келди. Ошондо гана колунда бир нерсе бар экенин байкадым. Карасам... карабаганым, көрбөгөнүм жакшы эле. Эркин аксакалдын колунда бар жогу тиштелип, бир буту дээрлик тытылып салынган наристе бар эле. Дарыгермин, мындан да жаман оорулуу болуп келген балдарды көргөм десем жаңылышпайм. Бирок азыр көрүп турган көрүнүш коркунучтун өзү эле. Анча-мынча адам карап тура алгыс эле. Кызым, кара текшерип көрчү, балким, тирүүдүр. Иттердин оозунан тартып алдым. Айланайын кызым, жардам берчи деп аксакал наристени колума узатты.
Баланы колума алып ичкериге карап чуркадым. Наристенин үстүндөгү кийимдери да иттердин талаганынан тытылып кеткен. Балтыры жана желкесинен тызылдап кан токтобой агып жатты. "Тез жардам" бөлмөсүнө жетип келип жарыкты жандырганыбызда сыртта көргөнүбүз жөн гана көрүнүштөй болуп калды.
Адашпасам бул наристенин кыркы да чыга элек көрүнөт. Ит тиштебеген жери калбаптыр. Бел жагынан бир бөлүк эт дептердин барагындай болуп ачылып ичиндеги болгон омуртка жана майда нерв тамырлары көрүнүп турду. Жүрөк, өпкө, көкүрөк бөлүктөрү да тиш издери менен толо эле. Наристеде эч кандай жан бардыгы сезилген жок. Ошондой болсо да биринчи "Тез жардамды" берүүгө аракет жасап жаттык. Медайымдарга эмне кылыш керек экендигин айтып жатып, көзүмдөн аккан жаш токтобой жатты"
Толугу менен окуу үчүн бул жерди басыңыз.