"Кош бол, Стамбул". Чемпиондор Лигасынын финалы Португалияда өтмөй болду

Коронавирус пандемиясынан улам Стамбул шаарына киргизилген чектөөлөрдөн улам Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын финалы Португалиянын борбору Лиссабон шаарындагы 50 миң көрүүчү бата турган "Драган" стадионунда өтөт. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Ошол эле учурда Англия Түркияны "кызыл зонага" кирген өлкөлөрдүн катарына кошуп, барууга ылайыксыз өлкө деп тапкан. Мындан тышкары, Түркиядан Англияга баргандар 10 күн карантинге алынат.

Буга чейин Чемпиондор Лигасынын финалы Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда өтөрү кабарланган.

Чемпиондор Лигасынын финалы 29-май күнү өтөт. Финалда англиялык клубдар "Челси" жана "Манчестер Сити" командалары кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан