Бразилияда кош бойлуу аялдарды AstraZeneca коронавирусуна каршы вакцина менен эмдөө жүргөндөн кийин 35 жаштагы аял инсульт алып каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, каза болгон бейтаптын 23 жумалык боюнда бар болчу. Мындан улам эмдөө токтотулган.
Учурда бийлик бул окуяны териштирип жатканы белгилүү болду. Кош бойлуу аялдарга эмдөөнүн токтотулушу AstraZeneca вацинасына гана таасир этет.
Кечээ, 11-майда Бразилияда кош бойлуу аялдарга коронавируска каршы AstraZeneca эмдөөсүнүн коркунучу эскертилгени маалым болгон. Эмдөө туура келбеген бейтаптарга адистерден кеңеш алуу сунушталууда.