Кыргыз жараны Алтайдын бажы кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Андагы маалыматка караганда, 48 жаштагы Кыргыз жараны бажы кызматкерине ага карата протокол түзбөөсү үчүн 4 миң рубль сунуштаган.
"Ага карата бажы органдары тарабынан транспорт каражатын токтотуу боюнча талабын аткарбай койгону үчүн тиешелүү протокол түзүлмөк.
Бажы кызматкери укук коргоо органдарына аны коррупциялык кылмышка барууга көндүрүп жаткандыгы жөнүндө өз убагында кабарлаган. Аталган Кыргыз жаранын пара берип жаткан жеринен Орусиянын Алтай бажысынын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Учурда ага карата кылмыш иши козголду", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле кабарда ал бир жылга чейин камакка алынышы жана 200 миң рубль өлчөмүндө айып салынышы мүмкүн экендиги жазылган.