АКШнын чыгышындагы бир нече штатка күйүүчү май тартыштыгынан улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаал күйүүчү май тартыш болуп жаткан Флорида, Жоржия, Түндүк Каролина жана Виржиния штаттарына жарыяланган. Буга себеп Colonial Pipeline күйүүчү май сордуруучу түтүктөр тутумунун күтүүсүз өчүрүлүшү себеп болгон.
Учурда өлкө бийлиги жарандарына күйүүчү майды көп өлчөмдө албай турууну суранууда. Себеби бул абалды ого бетер курчутуп жиберет.
8-майда АКШдагы ири түтүк операторлорунун бири болгон Colonial Pipeline Company ишканасы хакердик чабуулга кабылып, күйүүчү май сордурууну токтотууга аргасыз болгон. Компаниянын маалыматы боюнча, ал өз тутуму аркылуу күнүнө 100 миллион литр күйүүчү май сордурат. Бул АКШнын чыгыш жээгинде керектелген бардык отундун 45 пайызын түзөт жана 50 миллион америкалыктарды күйүүчү май менен камсыз кылат.