Нарында 3 баш топоз уурдаганга шектелип 4 тургун кармалды

Нарын районунда мал уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2020-жылдын ноябрь айында Нарын районуна караштуу Кара-Кужур өрөөнүндө 3 баш топозум жоголуп кетип ушул күнгө чейин издеп таппай жатам деп Кочкор районунун 1998-жылы туулган тургуну кайрылган.

"Аталган факты 29-апрель күнү Нарын РИИБи тарабынан каттоого алынып сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Нарын районунун тургуну 1989-жылы туулган Н.А. Кочкор районунун тургуну 1994-жылы туулган А.А. Нарын районунун тургуну 1995-жылы туулган Ж.М. жана Ат-Башы районунун 1993-жылы туулган тургуну Ш.А. кармалып, күнөөлөрүн толугу менен моюнуна алышкан. Жогорудагы шектүү жарандар жоголгон малды сатып жиберишкен. Азыркы учурда бул факты боюнча Нарын РИИБи тарабынан тергөө амалдарды жүргүзүлүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан