3 жаштагы Жумадилдин ата-энеси SUPER.KG порталына элден жардам сурап кайрылды. Жумадилге медицина кызматкерлери синдром веста, бөлүкчөлөрдүн атрофиясы, ДЦП диагноздорун коюшкан. Баласына Түркиядан кымбат баалуу операция жасатуу керектигин айтып, апасы Алия Султанова төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Балам Жумадил Сапарбаев 2018-жылы төрөлгөндөн бери талмасы кармайт, мээсинин ичинде суу бар экен дешкен. 5 айында көзү көрбөй жатканын билдик. Ал дагы мээ менен байланыштуу экен. 6 айында уколдон, дарылардан, талмадан балам башын кармай албай, отура албай калганын байкап ДЦП деп диагноз коюлду. Доктурлар качан балабыздын талмасы токтосо эс-тутуму жакшырып, көзү көрүп кетет дешти.
Азыркы учурда балабыз 3 диагноз менен жабыркап келет. 1)Синдром веста, 2) Бөлүкчөлөрдүн атрофиясы, 3) ДЦП. Баламдын акыбалы өтө оор, Түркияга операцияга алып барышыбыз керек. Операция кылдырсак талмасы токтоп Кудай шыпаасын берсе, көзү көрүп кетет деп ишенем. Операциянын баасы 18 миң 630 доллар деп айтышты. Андан сырткаркы чыгымдары да көп экен.
Тилекке каршы, мындай сумма бизде жок болуп жатат. Кайдыгер карабаган, боорукер, мээримдүү кыргыз элим, колдон келишинче жардам берүүңүздөрдү өтүнөм. Балам бутуна туруп, көзү көрүп кетишине салымыңарды кошуп коюуңуздарды суранам, сиздердин жардамыңыздарга муктажбыз", - деди апасы.
Реквизиттер:
Элкарт: 9417189444253727 Султанова Алия
Mbank Online: 996701556816 Султанова Алия
Элсом: 0701556816 Султанова Алия
Апасынын номери: 0701556816 Султанова Алия
Атасынын номери: 0502220323 Сапарбай уулу Адилбек