Индиядагы Ганг дарыясынан 96 адамдын сөөгү табылды

Индиядагы узундугу 2 жарым миң чакырым болгон Ганг дарыясынан 96 адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, табылган жансыз денелер коронавирустан каза болгондордун денелери болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Жергиликтүү тургундар сөөктү өрттөө кымбат болгондуктан сөөктөрдү сууга ыргытып жатышкандыгы айтылууда. 96 жансыз дененин 71и Бихар штатында табылса, дагы 25 адамдын жансыз денеси Уттар-Прадеш штатынан табылган.

Өз кезегинде Индиянын Суу ресурстарын башкаруу министрлигинин башчысы Гажендра Сингх Шекхават каза болгондордун сөөктөрүн Ганг дарыясына ыргытууну токтотууну талап кылган.

Индияда коронавирус инфекциясы өтө тездик менен күчөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан