Дзюдо боюнча Кыргыз өлкөсүнүн кыздар курама командасынынын мүчөлөрү 14-16-май күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтө турган өспүрүмдөр арасында Азия Кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Мелдешке төмөнкү спортчулар катышат:
1. Жанар Жолдошева, 52 кг;
2. Адина Көчкөнбаева, 57 кг;
3. Ирина Черемушкина, 48 кг;
4. Елена Исакова, улук машыктыруучу.
Белгилей кетсек, спортчулар 11-майдан 16-майга чейин Алматы шаарына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлдү.