Президент Садыр Жапаров өлкөнүн көп балалуу энелерин "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" мыйзамынын 9 жана 12-беренелерине ылайык, балдарын жакшы тарбиялап жаткан жети жана андан көп баласы бар 819 эне "Баатыр эне" ордени жана алты баласы бар 516 эне "Эне даңкы" медалы менен сыйланышат.