"Манчестер Юнайтед эмес". Конор Макгрегор кайсы футболдук клубду сатып алууну көздөп жатканын айтты

UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор Шотландиянын "Селтик" футболдук клубун сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп бергенин чет элдик спорттук басылмалар жазды.

"Чынын айтканда, кеп "Селтик" футболдук клубу жөнүндө болчу. Албетте, мен качандыр бир кезде спорт командасын алууга кызыкдармын. "Селтик" жана "Манчестер Юнайтед" мага жаккан командалар. Бирок мен сунуштарга ачыкмын. Мен кайсы клубга болбосун чоң пайда алып келе алам деп ойлойм", - деген Макгрегор.

Буга чейин анын Англиянын эң кымбат клубдарынын бири болгон "Манчестер Юнайтед" клубун сатып алууну көздөп жаткандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eden-Hazard
2021-05-13 10:41:08
Кой дегилечи байкеңерди
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан