Жогорку Кеңештин депутаттары Европа парламентинин депутаты Нойзе Норберт менен жолугушту

Жолугушууда тараптар коомдогу болуп жаткан окуялар жана Кыргыз мамлекетиндеги саясий кырдаалды талкуулашып, анын алкагында Европа парламенти менен Жогорку Кеңештин кызматташуусун жакшыртуу жөнүндө ой бөлүштү. Пикир алышууда учурунда Кыргыз-Тажик чек ара чыры жөнүндө дагы кеп козголду.

Эл өкүлдөрү Кыргыз өлкөсү БУУнун талаптарына ылайык өлкөнүн территориялык бүтүндүгүн жана башка өлкөнүн ички иштерине киришпөө принциптерин бекем сактап, чек ара көйгөйлөрүн дипломатиялык жол менен чечүүгө тырышып жатканын белгилешти.

Депутат Каныбек Иманалиев: "Тажикстан агрессиялык жол менен Кыргыз өлкөсүнүн тынч жашап көлаткан элине куралдуу кол салды. Анын кесепетинен күнөөсүз жарандар курман болуп, Кыргыз жарандарынын үйлөрү, ооруканалар, мектептер өрттөндү. Андыктан агрессор дүйнөлүк деңгээлде жазасын алышы керек", - деди.

Ал эми Европа парламентинин депутаты Нойзе Норберт жылуу кабыл алган эл өкүлдөрүнө ыраазычылык айтып, Кыргыз өлкөсү Орто Азиядагы демократиянын аралчасы экенин билгиледи. Ал Европа менен Кыргыз мамлекетинин 30 жыл аралыгындагы дипломатиялык алакасы өз ийгилигин берип жатканын, мындан ары дагы адам укуктары, жарандын эркиндигине байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан сырткары Нойзе Норберт: "Тынч жаткан элге аскер техникасы менен кол салган агрессорго дүйнө коомчулугу иликтөө жүргүзүш керек. Ал эми Евро биримдик чек арадан жабыркаган жарандарга гуманитардык жардам берүүгө даяр", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Elaman0693
2021-05-12 19:08:15
Чё там?, крокодил
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан