Жыл башынан бери К.Көлбаевдин, М.Абакировдун жана А.Батукаевдин уюшкан кылмыштуу топторунун 143 мүчөсү кармалды

Жыл башынан бери Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин оперативдүү издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмыштуулуктун ар түрдүү фактылары боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун 143 мүчөсү кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Алар Ички иштер министрлигинин маалыматында Камчы Көлбаев,  Азиз Батукаев жана Максат Абакировдун уюшкан кылмыштуу топторунун мүчөлөрү. Кармалган жарандардан: Калашников автоматынан 2 даана, РГД-5 гранатасынан 5 даана,  Макаров мылтыгынан 8 даана (булардын бирөө  Талас ОИИБинен жоголгон мылтык,  2 мылтык Бишкек шаарындагы 2010-жылдын 7-апрель окуялары учурунда жоголгон), 1 мылтык,  1 миң 172 килограмм 483 грамм баңгизат (гашиш 2 килограмм 164 грамм, жалпысынан 1 миң 170 килограмм салмагындагы  9 миң түп кара куурай, 10,6 грамм героин, 5 грамм апийим), 1 даана ок өтпөс жилет жана башка курал-жарактар табылган. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшү иш-чаралары улантыла турганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
alimyrza93
2013-10-22 18:14:04
ништяк
0
Bekish-kg
2013-10-23 00:38:17
эртеге коюп жибергиле кайра))кийин дагы кармап аласынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан