"Өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн". Казандагы мектепте ок чыгарып, 9 адамдын өмүрүн алган кылмышкер 2 айга камакка алынды

Казандагы мектепке куралчан кирип барып, окуучулар менен мугалимдерге ок чыгарган 19 жаштагы Ильназ Галявиевдин баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал 2 айга камакка алынды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иши жүрүп жатат. Ошондой эле ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги да айтылат маалыматта.

Буга чейин айтылгандай, 19 жаштагы Ильназ Галявиев Казандагы №175 гимназияга ок чыгарып, андан 9 адам каза болсо (7 окуучу, 2 мугалим), 21 адам жаракат алган. Галявиев күнөөсүн моюнга алып, камакка алууга каршы эместигин жана эч кандай оорусу жок экендигин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Apyn8793
2021-05-13 01:37:26
2 айдан ашпай калат го бул бала, эзип коюшат
0
Jibakana
2021-05-13 10:29:29
Apyn8793,Ким эзет?
0
Jibakana
2021-05-13 10:29:20
Неге Мумкун?камаш керек
0
al-abu-kinesz
2021-05-13 11:37:58
Мындайларга пожизненный аздык кылат..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан