Ысык-Көлдө жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда Lexus RX-350 менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 4 адам (3 эркек киши: 1971-жылы туулган М.Т., 1973-жылы туулган С.Н., 1994-жылы туулган М.А., 2016-жылы туулган Ж.Б. аттуу кичинекей бала) жабыркап, 2 аял киши (1973-жылы туулган Р.А., 1991-жылы туулган Ш.Р.) каза болду. Каза болгондор ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Ал эми жабыркаган жарандар "Тез жардам" кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилди.