Палестина-Израиль кагылышуусу: Чырга палестиналык 6 үй-бүлөнү Иерусалимдеги үйүнөн чыгарып салуусу себеп болгон

11-майга караган түнү Израиль менен Палестинанын ортосундагы абал курчуп кеткен. Палестина Израилди көздөй ракета атса, израилдик күчтөр ага жооп катары абадан сокку урган. Анын кесепетинен эки тарапта кагылышуу курчуп, абал дагы деле кооптуу болуп турган чагы. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып жатышат.

Маалыматка караганда, израилдик 6 адам өлтүрүлдү, жүздөн ашуун адам ар кандай жаракаттарды алышты. Ага карата Израиль армиясы жооптук сокку уруп, Газа тилкесинин 500дөн ашуун объекти сокку астында калды. Анын кесепетинен 10го жакын адам каза болуп, 300дөй адам жарадар болгондугу айтылууда. Израиль жана Палестина күчтөрүнүн ортосундагы ракеталык соккулар токтой элек. Израилдин бир канча шаарлары массалык баш аламандыктын курчоосунда калды.

Бул кагылышууга Израилдин Иерусалим шаарында жашаган палестиналык 6 үй-бүлөнү турак жайынан чыгарып салуусу себеп болгондугу айтылууда.

Дүйнө өлкөлөрү эки тарапты тең сабырдуулукка жана тирешти тез арада токтотууга чакырышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан