Бүгүн, 13-май Орозо айт майрамы.
Ар жылы айт намазы эски аянтта окулуп келген. Быйыл пандемияга байланыштуу шаардагы мечиттерде гана айт намазын окууга уруксат берилди.
Учурда эски аянтка эч ким келген жок, тагыраагы, шаардыктар жана коноктор бул жолу эрежеге ылайык мечиттерде гана айт намазын окуп жатышат.
Белгилей кетсек, буга чейин айт намазын эски аянтта окууга тыюу салынганына карабастан тургундар келип алган учурлар катталган.