Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай Шергазыев кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай Шергазыев кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады.

"Урматтуу мекендештер, кымбаттуу аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштар! Сиздерди Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Жараткан туткан орозобузду, жакшы тилектерибизди, соопчулук иштерибизди кабыл кылсын. Билип-билбей кетирген кемчиликтерибизди, күнөөлөрүбүздү кечирсин.

Урматтуу мекендештер! Өлкөбүздө коронавирус илдети жайылып жаткандан улам жарандарыбыздын саламаттыгын, коопсуздугун эске алуу менен айт намазын мечиттерде санитардык талаптарды так сактоо менен окудук. Ар бир адамдын жаны аманат дегендей мындай көрүнүштү мекендештерибиз туура түшүнүү менен кабыл алат деген ойдомун.

Орозо айында ар бир үй-бүлөгө ырыскы, бакубат жашоо, мекенибизде тынчтык, ынтымак, биримдик жана молчулук, токчулук болсун", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан