Ошто айт намазы Сулайман-Тоо мечитинде окулду (фото)

Бүгүн, 13-майда Ош шаарындагы борбордук Сулайман-Тоо мечитинде Орозо айт ыйык майрамына карата майрамдык айт намазы окулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, дин кызматкерлери, аксакалдар жана Ош шаарынын бардык 12 аймактык кеңешинин тургундары катышты.

"Иш-чарада Ош шаарынын мэри ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктап, ар бир үйгө, үй-бүлөгө бакубатчылык, ынтымак, тынчтык, чың ден соолук, руханий кубаныч, бардык жакшылыктарда ийгилик каалады", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан