"Эшикти такылдатты". Казандагы окуя тууралуу мектеп окуучусу айтып берди

Татарстандын Казань шаарындагы мектепте 9 адамды атып өлтүргөн Ильназ Галявиев мектептеги бөлмөлөрдүн эшигин такылдатып кыдырып жүргөн. Бул тууралуу аталган мектептин 17 жаштагы окуучусу орус басылмаларына берген маегинде айткан.

Анда онунчу класстын окуучусу англис-тили сабагы болуп жатканын айткан. Ошол маалда мектепте кыйкырыктар угулуп, бир аздан соң мылтыктын үнүн угушкан.

"Ок атуу башталганда эле терезеден секирүүгө аракет кылгам. Бирок коркконумдан залга чуркап чыгып, атып жатат деп кыйкырдым. Анан мектеп директору үн күчөткүч аркылуу биздин жашынышыбыз керек экенин айтты. Биз бөлмөнү ичинен бекитип, терезелердин жанында үнүбүздү чыгарбай отурдук. Ошол маалда жарылууларды, ок атууларды, кыйкырыктарды угуп жаттык. Андан кийин биз отурган бөлмөнүн эшиги такылдады. Биз ошол адам экенин (ред. Ильназ Галявиев) дароо сездик", - деген ал.

11-май күнү Казандагы №175 мектептин мурунку окуучусу билим берүү мекемесине ок чыгарган. Анын кесепетинен тогуз адам каза болуп, 21 адам жаракат алганы белгилүү болду. Атышууну уюштурган эки жигит кармалып, кылмыш иши козголду.

Кечээ чет элдик басылмалар 11 адам каза тапкандыгын жазып жатышкан. Бирок кийинчерээк 9 адам каза болгондугун Татарстандын президенти Рустам Минниханов тактады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан