Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовго "Ахмат" спорт клубунун мушкерлери менен беттешсе мушкер өзү каалаган сумманы төлөп берүүгө даяр. Бул тууралуу Кадыров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирде айткан.
"UFC мушкерлерин Хабиб Нурмагомедов жүз пайыз жеңди. Ал эми "Ахмат" спорт клубунун мушкерлерин ал жеңе алабы? Бул суроо жаратат. Мен анын салмагындагы "Ахмат" клубунун мушкерлери менен сунуштайм. Бул үчүн өзү айткан гонорарды берүүгө даярмын. Ал UFC'де беттешке чыкса биз аны колдочубуз, бирок "Ахматта" мушташса биз өзүбүздүн мушкерлерибизди колдойбуз", - деген Рамзан Кадыров.
24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.