Кечээ, 12-майда Ош облусунун аймагындагы чек арадан мыйзамсыз мал айдап өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Суу районунун аймагынан чек ара кызматкерлерине мамлекеттик чек ара тилкесинен жылкысы бар белгисиз адам өтүп бара жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Аталган жаран чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн кармалган. Жагдайды тактоодо, ал 1992-жылы туулган Өзбекстандын жараны экендиги белгилүү болгон. Ал Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынан Өзбекстандын аймагына жеткирүү максатында жылкы уурдагандыгын моюнга алган.
Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана жылкы укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти мамлекеттик чек ара кызматынан.