Аёосуз сабалган аксакал, атка сүйрөлгөн келин... 2021-жылдын акыркы 4 айында чыккан өкүмдөр

SUPER.KG порталы 2021-жылдын акыркы 4 айында чуулгандуу кылмыш иштерге чыккан өкүмдөрдү топтоду.

81 жаштагы аксакалды аёосуз сабаган эргул

2020-жылдын 22-август күнү Телеграмм каналынын бирине ак калпакчан улгайган адамды эргулдун сабаган видеосу тараган. Видеодо аксакал менен ал адам бир отургучта отурганын, күтүүсүз жерден жашы улуу адамды жанындагысы чаап жибергени көрүнөт. Андан кийин аксакал ордунан туруп кетип бара жатканда жаак талаштыра тепкен. Бул көрүнүш көчөдө да уланып, жерге жаткыра тээп, аёосуз сабаганы видеого тартылып калган.

Көп өтпөй 25-август күнү саат 23:30 чамасында Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери изделип жаткан шектүүнү кармашкан. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, шектүү өзү жашаган үйүнө келди деген маалымат боюнча үйүнө кызматкерлер барган. Ал өз үйүнөн чыгып, качып кетүүгө аракет кылып, кызматкерлерге баш ийбестен, каршылык көрсөткөн. Натыйжада ички иштер органдарынын 1 кызматкеринин денесине жаракат келтирген.

Көп убакыттан кийин шектүү кармалып, ал психикалык жактан жабыркаганы үчүн каттоого алынганы маалым болгон. Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында 81 жаштагы карыяны сабаган адамга сот чечим чыгарып, анда айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыраткан.

Кыз ала качкандарга 220 миң сом айып салынды

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Ысык-Көл облусунда кыз ала качкан үч адамга 220 миң сом айып пул салды. Билдирүүгө ылайык, айыпталып жаткан жарандарга Жазык кодексинин 177-беренеси ("никеге турууга мажбурлоо") менен күнөөлүү деп табылып, 220 миң сом айып салынды.

Жаш келинди атка сүйрөтүп, мыкаачылык менен өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Кочкор районунун Теңдик айылынын Тынай-Булак кыштоосундагы сарайда 22 жаштагы келиндин жансыз денеси табылган. Андан көп убакыт өтпөй, келинди өлтүрдү делген шектүү Ош облусунун Ноокат районунан кармалган.

Келиндин күйөөсү мас абалда келип ур-тепкиге алып, аёосуз сабаганын, күйөөсүнөн качып чыккан келиндин артынан ат менен барып, ал жактан чынжыр менен атка байлап, өздөрү жашаган сарайга чейин сүйрөтүп келгенин айтып беришкен.

Шектүү келинчегин канча жолу тээп, канча жолу сабаганын мас абалда болуп билбей калганын айтып буларды билдирген. "Келинчегим экөөбүз ичимдик ичип отурганда, ал мага "батирде эле турбайлыбы, мен күйөөгө тийгенде деле денемди сатып жүргөм" деп айтып калды. Токмокто деле күйөөсү менен жашап жүргөндө ушундай иштер менен алек болуп жүрүптүр. Мен ага жиним келип башына бир тептим, ал качып чыгууга үлгүрдү. Сырттан мен аны көтөрөйүн деп алым жетпей койду, анан аттын жибин бутуна байлап, атты жетеледим, бир маалда жип үзүлүп калды. Канча жолу тээп, канча жолу сабаганымды мас абалда болуп билбей калдым. Аны үйгө алып кирип, үстүнө жууркан жаап койдум, өзүм чыгып ичип отурдум", - деп билдирген. Кочкор райондук соту айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

"Мадина" кафесинин ээси Хуфур Абдурахемандын өлүмү

2019-жылы 1981-жылы туулган ишкер Хуфур Абдурахеман 14 күн дайынсыз болуп жоголуп, жансыз денеси Кочкор районунан табылган. Милиция кызматкерлери жеке ишкер Хуфур Абдурахеманды уурдап кетип, өлтүрүүгө шектелип жаткан жалпы 8 адамды кармаган. Алдын ала маалыматтар боюнча ишкерди уурдап кетип, өлтүрүп көмүп коюшкан. Алардын арасында мурдагы милиция кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандар да болгон. 2020-жылдын 10-июнунда ишкердин өлүмү боюнча тергөө иши аяктап калганы маалымдалган. 2021-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту айыпталуучулардын ар бирин 16 жылга эркинен ажыраткан.

Ысык-Көлдө 13 жаштагы кыздын эки киши тарабынан зордукталышы

2020-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун айылдарынын биринде 13 жашар кызды үч эркек жарым жылга жакын зордуктап, бирөөсү аны видеого тартып "классташтарыңа көрсөтөбүз" деп коркутуп жүрүшкөн. Бул ишти Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбеков күнөөлүүлөрдү кылмыштын курамы жок деп актап, айыпталып жаткандар сот залынан бошотулушкан. Ал эми үчүнчү соттолуучу 7 жыл 5 айга эркиндигинен ажыратылганы коомчулукта нааразычылык жараткан.
29-мартта Ысык-Көл облустук соту буга чейин 7 жарым жылга эркинен ажыраткан соттолуучуну 20 жылга эркинен ажыратты. Ал эми райондук сотто акталган эки шектүүгө 15 жылдан берилди. Алар сот залынан камакка алынган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zumrudianka
2021-05-14 09:37:52
Судья Сабыр Соодонбеков Аллахтан корпогон ит экенда педафилдерди актап салса. Бироонун алсыз кызы кордолуп турса да акча учун озунду саттын проститутка судя. Жизнь бумеранг башына келгенде журогунду муштаба 13 чыккан кызын болбосо неберелерин келатат сволочь
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан