"Суперстандын" "Жүрөк сыры" бөлүмүнө "Өлтүрчү мени, апаке..." деген аталыштагы окуя жарыяланган.
Автордон: "Жүрөгүмдүн эч бир тааныбаган сезимдерин жаңы-жаңыдан айырмалап, ажырата баштаган чагымда, айланамда шапар тээп шарактай турган, сырымды угуп, сырларынан бөлүшө турган, кайгыларымды да, сүйүнүчтөрүмдү да ара жолго тыштабаган, чогуу көтөрүп, чогуу ортоктош боло алчу жүздөгөн курбу кыздарым, дос балдарым бар эле. Кызыгы, ошончо адамдардын кучагында болуп турсам дагы, эмнегедир өзүмдү бул түпсүз, учу-кыйырсыз ааламда ээн талаа, эрме чөлдө калган жалгыз макулуктай сезе бердим.
Жанымдагыларга сыртымдан сыр бербөөгө аракет кылдым. Ушундай абалым менен аларды менден алда канча алыстатып аламбы деп чочулай бердим. Эми ал күндөрдө бактылуу белем же бактысыз белем аны азыр да түшүнө албайм. Издегеним эмнегедир таптакыр башка нерсе эле. Таң эрте университетти карай бет алам. Түш ооп калганда досторубуз менен үйрүлүшүп шарактап отурмай. Кеч курун үйгө келип, түптүз бөлмөмө бет алып, керебетиме солк жыгылам. Өзүмө эмне болгонун ал учурда өзүм дагы жакшы түшүнө албай жаттым. Акылынан азган немедей себепсиз көкүрөгүмдөгү уюган муштумдай ачуу бир нерсени кирпигимди суулап, көз жаштарым менен чыгарып жеңилдеп тим болом. Жаныма бирөө-жарым келип абалымды сурап, мени акылдан алып жаткан бети жок сезимдерди билгилери келсе да, мурдумду чүйрүп, кабагымды бүркөп, үн дебейм.
Акыркы күндөрү абалыма күндүр-түндүр боору ооруган жалгыз гана апакем. Ал күндөрдө басса-турса мени ойлоп, оор үшкүрүп, мен деп убайым тартып, жүрөгүн онго тилип жаткан апакемдин абалын мен дагы сезип калдым. Кантсе дагы эне да. Ар күнү келип эшигимди каккылагандай эле, бүгүн да эшигимди жылуу, мээрим толгон колдору менен каккылап кирип келип калды. Жарытылуу жооп алам го дегенсип, чачымдан сылап, ачуу жашка нымдалган жүзүмдөн сүйүп бирдемелерди кобурап жатты.
- Ээ, кызым! Бизди кулагың укпас, көзүң көрбөс болду го. Садагаң кетейин, кызым! Бир жериң ооруп жүрөбү? - деп мени жалооруй карап, ысык алаканын чекеме басты.
- Жок, апа... , - дедим".
Толугу менен окуу үчун бул жерди басыңыз...