Казандагы №175 гимназияга куралчан кирип барып, окуучулар менен мугалимдерге ок чыгарган 19 жаштагы Ильназ Галявиев 2017-жылдан бери ооруканада каттоодо турган. Ага энцефалопатия (баш мээнин жана андагы клеткалардын жабыркашы) диагнозу коюлган. Бул тууралуу бир катар орус басылмалары тергөөчүлөрдүн билдирүүсүнө шилтеме берүү менен жазышууда.
Маалыматка ылайык, туугандары анын бул диагнозу тууралуу билишкен. Ильназ Галявиев мектепти бүткөн соң башынын ооруп жатканын айтып, ооруканага кайрылган. Анын абалы өткөн жылы жай айларында начарлап баштаган. Дал ошол убакта ал туугандарынан алыстап, түнт боло баштаган. Бирок ал баш мээсинин оорусуна карабай, аскерге жарамдуу деп табылган.
Мындан сырткары дарыгерлер ага текшерүү жүргүзгөндө, андан залалдуу шишик дарты аныкталган. Бул залалдуу шишик мээни кысып, кан айланууну начарлатат. Мындан улам адам агрессивдүү болуп, байма-бай башы ооруп, жүрүм-турумун акыл-эстүү башкара албай калат. Жакын арада ага психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалат. Ошондой эле андан шизофрениянын белгилери да аныкталды. Психиатр Игорь Лазаревдин айтымында, сурак берүү маалында анын жүрүм-туруму менен сүйлөгөн сөзүнөн шизофрениянын белгилери байкалган.
"Мен түнт жана жалгыз адаммын. Мен - Кудаймын. Калган бардык адамдар менин кулдарым жана био таштандылар. Алардын баары мен каалаганды кылышы керек. Ар бир кулум 10дон ашуун адамды өлтүрүп, андан соң өзүн өлтүрүшү керек.
11-майда Казандагы №175 гимназияга теракт жасадым. 7ден кем эмес адамды атып өлтүрдүм. Алар окуучулар, мугалимдер жана мектептин башка кызматкерлери. Мен жалгыз болчумун, бул ишти өзүм жалгыз кылдым. Муну менен мен адамдардын баары менин кулум экендигин көрсөткүм келди. 2021-жылдын 1-апрель күнү үйдө отуруп мен Кудай экендигимди аңдап билдим. Мага бул тууралуу эч ким айткан жок, Кудай экенимди өзүм сездим. Мен эмне кааласам, ошонун баарын жасай ала тургандыгымды түшүндүм. Бул дүйнөгө бардык тирүү жандыктарды жок кылуу үчүн адам кейпинде келдим. Мен бардыгын жек көрүү сезими менен төрөлгөм", - деген ал тергөө маалында.
Ошондой эле ал гимназияга куралдуу кол салуу алдында алгач өзү жашап жаткан батирге өрт коюп чыгып кеткен. Бирок өрт тутанбай калган. Анын батири да тыкыр изилденүүдө. Ал эми ага курал саткан сатуучу ал бардык тиешелүү документтерин көрсөтүп, курал сатып алгандыгын айткан.
Буга чейин маалымдалгандай, ал күнөөсүн моюнуна алган жана учурда 2 айга СИЗОго камакка алынды. Ал өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги да айтылгандыгы кабарланган.