Рак илдетин алдын алууга пайдалуу жемиш аталды

Кулпунай рак илдетинин пайда болуу коркунучун алдын алууга жардам берет. Бул тууралуу орусиялык врач-диетолог, медицина илимдеринин доктору Михаил Гинзбург "Россия 1" телеканалындагы эфир учурунда билдирген.

Анын айтымында, кулпунайдын курамында бир канча залалдуу илдеттерге, анын ичинде ракты чакырган факторлорду блоктой алган касиет бар. Ал организмде залалдуу шишик дарты, рак, инсульт, инфаркт илдеттеринин пайда болуу коркунучун азайтат. Ошондой эле ашказан жана он эки эли ичегиге да пайдалуу жемиштердин бири болуп саналат. Диетологдун айтымында, кулпунайдын зыяндуу холестериндин деңгээлин түшүрүүдө да таасири чоң. Мындан тышкары кулпунайдын курамында аскорбин кислотасы менен каротиноиддер бар болгондугу үчүн иммунитетти көтөрүүгө да пайдалуу экендигин айтып өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nur777
2021-05-14 02:09:26
Клубника жегиле баарынар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан