Ысык-Ата районунда милиция кызматкерлери тарабынан уурулук кылып жаткан жеринен 40 жаштагы Нарын облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрь күнү Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалымат боюнча, 21-октябрь күнү милиция бөлүмүнө 35 жаштагы И.М. аттуу Ново Покровка айылынын тургуну чалып, үйүнө белгисиз бирөө уурулукка киргенин кабарлаган. Чакыруу түшкөн жерге келген милиция кызматкерлери тарабынан үйдүн кулпун сындырып ичиндеги буюмдарды уурдап кетүүгө аракет кылып жаткан 40 жаштагы Касымбек М. аттуу Нарын облусунун тургунун кармашты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.