Израиль учактары Газа секторундагы көп кабаттуу имаратка абадан сокку урду. Анда ондогон чет элдик ЖМК кеңселери жайгашкан

Израиль учактары Газа секторундагы көп кабаттуу имаратка абадан сокку урду. Натыйжада имарат толугу менен урады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.

Маалыматка караганда, авиа соккуга кабылган имарат Газанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан "Аш-Шурук" имараты болгон.

Аталган имаратта ондогон араб жана чет өлкөлүк ЖМК кеңселери, ошондой эле гуманитардык уюмдар иштеп келген. Имаратка сокку урардан мурун эскертүү иретинде соккулар болгон. Мындан улам имараттагылар тез арада чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Жардыруулар жана аба соккулары башталгандан бери бул жардырууга туш болгон үчүнчү көп кабаттуу имарат болду. Буга чейин израилдик учактар Палестина полициясынын штабы жайгашкан 10 кабаттуу "Аль-Жаухара" имаратына сокку урган.

Израиль учактары Газа секторундагы көп кабаттуу имаратка абадан сокку урду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asmat84
2021-05-14 00:51:58
Ошондо кимиси мусулман кимиси еврей
0
jergetal
2021-05-14 02:27:16
Аллах Израилдин жазасын берсин, Палестинадагы бир туугандарыбызды Аллахым өзүң асыра...
+6
Rifle_I
2021-05-14 15:35:49
Кудай буйруса Израиль да акыркы күндөрүн жашап жаткан болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан