Татарстандын Казань шаарындагы мектепте 9 адамды атып өлтүргөн Ильназ Галявиев мындан үч ай мурун, тагыраагы, 16-февралда мергенчилик билетин алып, эки айдан кийин Түркияда жасалган Hatsan Escort жылмакай снаряд мылтыгын өзүнө каттаткан. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, Галявиев мектепке 11-май күнү саат 09:30да келген. Ал алгач эле англис тили сабагы өтүлө турчу бөлмөнү жардырган. Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес. Андан кийин мылтык менен алдынан чыккан окуучу, мугалимдерди аткылай баштаган. Ал окторду чөнтөгүнө, сумкасына салып келген. Октоп жаткан учурда окуучулар жашынууга үлгүрүшкөн.
Ал үчүнчү кабатка чыгып, 8-класс окуган класска кирип аткылоосун уланткан. Ушул маалда мектеп күзөтчүлөрү ага коопсуздук күчтөрү келгендигин эскерткен. Ал терезеден коопсуздук күчтөрү келгенин көрүп, мылтыгын таштап өзү чыккан жана аларга эч кандай каршылык көрсөткөн эмес.
11-май күнү Казандагы №175 мектептин мурунку окуучусу билим берүү мекемесине ок чыгарган. Анын кесепетинен тогуз адам каза болуп, 21 адам жаракат алганы белгилүү болду. Атышууну уюштурган эки жигит кармалып, кылмыш иши козголду.