Кечээ, 21-октябрда саат 17:00 чамасында Бишкектин Манас – Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде №215 каттамдагы “Мерседес-Бенц” кичи автобусунун айдоочусу жол эрежесин бузуп, каршы тарапка чыгып кеткен. Жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жараткан бул айдоочуну Жол кайгуул кызматынын инспекторлору токтотуп текшеришкенде, анын тиешелүү документтери болгон эмес. Кичи автобус айып аянтчасына коюлуп, материал ички иштер органдарына өткөрүлүп берилген.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы маалымдады.