"Терезеде отурган аял". Пабло Пикассонун сүрөтү дээрлик 100 миллион доллардан ашык каражатка сатылды

Испаниялык сүрөтчү Пабло Пикассонун 1932-жылы тартылган "Терезеде отурган аял" сүрөтү Нью-Йорктогу аукциондо дээрлик 103 миллион 500 миң долларга сатылды. Бул тууралуу Christie's аукцион үйүнө шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, алгач сүрөт 55 миллион долларга аукционго коюлган. Пикассонун бул сүрөтүнүн акыркы баасы аукцион башталгандан 19 мүнөттөн кийин коюлган.

"Терезеде отурган аялдын көзгө урунарлык өзгөчөлүктөрүнүн бири - монументалдык көлөмү. Бийиктиги 1,5 метр. Анын ичинде башка сүрөттөргө караганда психологизм көбүрөөк", - деген аукциондун куратору Ванесса Фуско.

Атактуу сүрөтчү Пабло Пикассо тууралуу кызыктуу фактыларды шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2021-05-14 09:58:23
Мындай карасан жаш бала ойноп тартып койгондой эле корунот, бирок баасы асманда.
+7
akmanai
2021-05-14 11:24:51
Сурот искусствосун тушунгон адамдарга баалуу болсо керек. Бирок мен бул суротчунун суротторунон тан кала турган эч нерсе байкай албадым
+4
JaneEr
2021-05-14 12:24:46
Башкача элестеттим эле)))
+3
Alfiya
2021-05-14 13:23:49
Э тооба ошончого дагы алабы?
+2
algakaray
2021-05-14 16:10:54
Жаш бала тартып койгонго окшогон бул сурот менин бир омурдук жашоомду уйбулоом менен бактылуу, барчылыкта жашап ото турган жашоого жете турган акча экен да.
+1
Baha.A
2021-05-16 13:30:18
algakaray,103,5млн.$ бир үйбүлөнүн бир өмүрүнө көптүк кылбайбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан