Талкууга түшкөн коляска. "Ал апасын ооруканага жаткырган баланыкы" дейт Ош шаардык оорукананын дарыгери

Бүгүн, 14-майда социалдык тармактарда пластикалык отургучтан жасалган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын коляскасынын сүрөтү кызуу талкууга түштү.

Айрым колдонуучулар бул көрүнүштү кыргыз медицинасынын азыркы абалына салыштырган.

Кийинчерээк аталган сүрөт Ош шаардык ооруканасында тартылганы айтылган.

SUPER.KG порталы Ош шаардык оорукананын башкы дарыгери Кыял Ташболотовго байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдирди.

"Бул жаңылык чыкканда эртең менен барып бөлүм башчы менен жолугуп тактадым. Бул коляска биздин оорукананын коляскасы эмес. Ал апасын ооруканага жаткырган баланын коляскасы. Ал бала апасын ооруканадан чыгарарда кийинчерээк алып кетем деп айтып таштап койгон экен. Аны бирөөлөр көрүп калып, интернетке чыгарышыптыр. Ал бала ушул коляска менен апасын ооруканага алып келген. Такталбаган нерсени бирөөнү каралоо максатында чыгаруу жакшы эмес", - деди Ташболотов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aslan_akjol89
2021-05-14 20:52:42
Маймылга граната карматкандай заман болуп жатат.Телефон,камера,соц.сеттерди аябай ыплас колдонуп жатабыз биз туугандар.
+4
aslan_akjol89
2021-05-14 20:53:27
Маалыматты тактап,анан жарыялаш деген жок болуп жатат.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан