Бишкекте 2021-жылдын кыш мезгилинде милициянын кайгуул кызматынын кызматкеринин бетин тиштеп алган мас абалдагы жаранга карата сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтында айтылат.
Окуянын чоо-жайы:
Окуя 2021-жылдын 7-январында түнкү саат 03:00 чамасында болгон. Анда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин имаратынын алдынан мас абалындагы жаран кызматтык милдеттерин аткарып жаткан милициянын кайгуул кызматынын кызматкеринин талаптарына баш ийбестен оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, каршылык көрсөтүп моюнунан коё бербей кысып кучактап алып бетинин оң тарабынан тиштеп жаракат келтирген. Натыйжада ал 7 күн бою ооруп жүргөн.
Соттук отурумда жабырлануучу төмөнкүлөргө токтолгон:
"Мен 7-январда кесиптешим менен кайгуул кызматын аткарып жүрсөм, "102" кызматы аркылуу Бишкек шаарынын Горький көчөсүндө бейтааныш эркек киши мас абалында коомдук тартипти бузуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түштү.
Биз окуя болгон жерге барганда мейманкананын администратору мейманканага эс алып келген К.А. аттуу жаран мас абалда бөлмөдөгү буюмдарды талкалап койгондугун билдирип арызданды. Ошол себептүү биз эки тарапты тең Биринчи Май РИИБине алып бардык. Андан кийин айыпталуучуну спирт ичимдигин ичип алгандыгын тастыктоо үчүн наркология бөлүмүнө алып баруу максатында кызматтык унаага отургузалы десек ал унаага отурбай ызы-чуу салып, мени оозго алгыс сөздөр менен тилдеди. Ал бизге баш ийбей жатканынан жанында жүргөн бир тууган байкеси менен чогуу унаанын аркасына отургузуп, өзүм отурсам К.А. мени кучактап, чекемден тиштеп коё бербей, жаныбызда отургандардын жардамы менен бошонуп, унаадан эшикке чыктым. Анан оң жак кашым тараптан кан кетип баштады, айыпталуучу тиштеп алган. Кесиптешим экөөбүз чогуу аны милиция бөлүмүнө алып кирерде, төшүмдөгү жетонум жана погонум түшүп калганынан тергөөчүгө тапшырып берип, анын үстүнөн арыз менен кайрылгам. Азыркы убакытта айыпталуучуга эч кандай доом жок, ал мага келтирилген чыгымды толугу менен төлөп берди", - деп билдирген ал.
Айыпталуучу күнөөсүн толугу менен моюнга алган
"Мен 6-январда саат 23:00 чамасында Бишкектеги Горький көчөсүндө жайгашкан мейманканага баргам. Ал жерден администрациядагы балдар менен урушуп кеткен үчүн патрулдук милиция кызматкерлери келишип, мени милиция бөлүмүнө алып кетишти. Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерин эмне себептен чекесин тиштеп алганымды билбейм, күнөөмдү толугу менен моюнга алам. Ошол күнү спирт ичимдигин ичип алып мас болуп, кыймыл-аракетиме жооп бере албай калганыма өкүнөм. Жабырлануучу менен элдешип алдык, жазамды жеңилдетип бериңиздер", - деп билдирген ал өз көрсөтмөсүндө.
Өкүм: