ЖЫЛНААМА, 14-МАЙ: Бүгүн кинорежиссёр Геннадий Базаровдун туулган күнү. Ал Кыргыз элине ден соолук каалады

Бүгүн, 14-май кинорежиссёр, сценарист, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз искусствосуна Эмгек сиңирген ишмер Геннадий Базаровдун туулган күнү. Ал 1942-жылы дал ушул күнү Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган.

SUPER.KG порталы кинорежиссёр менен байланышып, анын туулган күнү менен куттуктады. Азыр ден соолугу жакшы болуп калганын айткан Базаров жалпы Кыргыз элине ден соолук каалап, төмөнкүлөргө токтолду.

"Куттуктоо үчүн рахмат, азыр маанайым абдан жакшы. Бир аз сыркоолоп жаттым эле, азыр жакшы болуп калдым, үйдөмүн. Бардык Кыргыз элине ден соолук каалайм", - деди Базаров.

Геннадий Базаров 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн.
Эмгек жолун 1959-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында баштаган. Адегенде жумушчу, оператордун ассистенти, кийинчерээк режиссёрдун ассистенти болгон. Окуп жүргөндө кыска метраждуу "Намаз окуу" жана "Тыныгуу" аттуу киноновелла тарткан.
1967-жылы "Саманчы жолу" (сценарийин жазгандар: Ч.Айтматов, Б.Добродеев, И.Галанкин) фильмин дипломдук иши катары тасмага түшүрөт. "Буктурма" (1966, X.Булатов, Дегальцев, А.Шаршенова), "Көчө" (1973, М.Гапаров), "Биринчи" (1984, Г.Базаров, Л.Дядюченко), "Көз кареги" (1975, Л.Дядюченко) кинотасмаларды, "Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай" (1986), "Айың" (1989), "Аномалия" (1991) көркөм фильмдерди жана "Антракт" (1994), "Түндө" (1995) кыска метраждуу новеллапарды, документ фильмдерден "Искусство жөнүндө баян" (1974), "Жазуучу" (1980), "Чыңгыз Айтматов" (1980) жана башка тарткан.
Маданият жана искусствонун ишмерлери А.Токомбаев, Н.Байтемиров, А.Темирова, Г.Ажыбекова жана башка жөнүндө кинопортреттердин галереясын түзгөн. Андан сырткары Геннадий Базаровдун "Прикосновение к личности" (1986), "Пауза для размышления" (1985), "Гримаса" аттуу повесттери чыккан.
14-майга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан