"Бирөөнүн бактысына бакыт тилеп коюш кээ бирөөлөргө өтө кыйын". Ырчы Анжелика сүйүктүүсү менен кайрадан бирге экенин айтты

Ырчы Анжелика сүйүктүүсү менен жараштыбы? Ал Инстаграм баракчасына гүл кармаган видеосун жарыялап, астына төмөндөгүдөй билдирүү жазган.


"Билем, гүл кармап, назданып түшкөн сүрөттөр көптөрдүн кыжырын келтирет. Бирөөнүн бактысына бакыт тилеп коюш кээ бирөөлөргө өтө кыйын. Бирок биз кооз сүрөт, жакшы сезимдерди камтыган көрүнүштөрдөн эргүү алып, өзүбүзгө дагы ошол нерселерди чакырышыбыз керек. Мен күндө уктаар алдында жакшы амалдарды, кооз жерлерди, үйлөрдү, түгөйлөрдү, гүлдөрдү карап, суктанып эргүү алам.
Анан ал сөзсүз аткарыларына ишенем. Себеби аткарылып келе жатат. Жаратканыбыз сураганыбыздын баарын берет экен. Болгону, чоң каалоо керек", - деп жазган ырчы.

Ушул жылдын февраль айында ырчы Instagram баракчасына жашоосунан эки негизги адамын чийип салганын, анын бири сүйүктүүсү экенин айткан. Ырчы айымдын айтымында, ага бул чечимди кабыл алуу оңой болгон эмес жана ал бул сыноо үчүн Кудайга ыраазычылык билдирген.

Ал эми өткөн жылдын ноябрь айында ал ар бир айдын 12-датасында гүл аларын, сүйүктүүсү экөө өздөрүнүн тарыхы үчүн сүрөткө түшөрүн жазган.

"Сен менден, мен сенден коркобуз... 42 айдан бери миллиондон ашуун роза гүлдөрүн тартууладың, 16 жылдан бери мени тааныйсың. Чыныгы эгоисттердей өзүбүз менен өзүбүз жашайбыз... Сен көз күйдүргөн бойдок, а мен эркин куштаймын. Бири-бирибиз менен көрүшпөйбүз дагы деле. Мына сага романтика", - деген билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-05-14 12:40:55
ушул жаман тойгозду
+24
Birimdik5555
2021-05-14 13:12:02
Ылайым эле жарашып кет жолдошун менен
+8
Asmat84
2021-05-14 13:19:51
Дагы башталдыбы бунун жомогу 5,6 күн тынчып калдык эле
+20
Shabi
2021-05-14 13:41:24
Ошол суйуктуун менен тезирээк баш кош да,бактылуу болуп жашап калгылачы.уруштум табыштым деп чыга бербей
+9
bond02
2021-05-14 13:47:21
Кайсы бирин айтып жатат?
+10
Zarema11
2021-05-14 14:12:20
Бакыт каалаш оңой бирок чындап тажаттың! Биринчи , экинчи сүйүнчүлөгөнүңдө сүйүнгөн болчум. Акырына чыкпасаң, же бир жыйынтык болбосо сураныч экрандан алыстап турчу. Качан бирге болгонуңда кошо сүйүнөөлү. Элдин кызысың бирок бир аз токтонсоң боло уже 40ты чапчып баратасың. Оттузга олтуруп калдың...
+9
nazira...
2021-05-14 14:49:04
Нурзат токтосунова да убагында сага окшогон эле укмуш болуп, сен да ошонун бирисин да. Сени көрүп чонойгон кыздарын кийин кандай жар болот экен, ыйман берсин кудай баарыбызга.
+6
Dembele84
2021-05-14 15:02:38
Ар бир жанылыгын элди тажатып жатса,туалетке барганынан бери интернетке киргизип,бакыт кааламак тургай сого турган эле болуп калды озу!Окубай отуп кетейин дейсин,жинин келсе айла жок жазышка туура келет экен!
+4
Nurik1988
2021-05-14 15:37:25
Ушунун суйуктусу эч эле тунонбой койду
+7
Neizvestno777
2021-05-14 20:05:55
Хайп да ,озуно озу деле подарка кылып отура берет бул ар бир айдын 12 и
+1
oopapa
2021-05-15 05:37:31
Менимче озуно озу гул берип, озуну озу суйунтуп журот го. Бир аз окутуп коюш керек окшойт десем окуп да жарыбайт.
+1
sotkasotovic
2021-05-15 12:36:39
Бактылуу бол!!!
0
Haanykeim
2021-05-18 12:46:41
Күйдүргү же турмушка чыкпады,реклама кылып эле гүлдөрүн..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан