АФК Кубогу-2021: Бишкектик "Дордой" турнир алдында эки оюнчусунан айрылды

Бишкектик "Дордой" футболдук клубунун АФКнын тайпалык баскычындагы оюнуна эки оюнчусу алган жаракатынан улам катыша албайт. Маалыматты SUPER.KG порталына клубдун басма сөз кызматы тастыктады.

Андагы маалыматка ылайык, алган жаракатынан улам тайпалык баскычтагы оюндарга коргоочу Максим Шило жана чабуулчу Рыскелди Артыкбаев оюндарга катыша албайт.

АФК кубогунун "E" тайпасындагы оюндар бүгүн, 14-майда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков стадионунда башталат. Бул тайпада "Дордой" 17-май күнү түркмөнстандык "Ахал", ал эми 20-май күнү Тажикстандын "Равшан" командасы менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-05-14 13:49:05
Каап тажиктер менен бетешеерде антип калганы өтө өкүнүчтүү. Эмнеси болсо да тиги шүмшүктордү киреер жерине киргизе койгулачы
+4
Dembele84
2021-05-14 15:04:08
Намыс учун тажиктерди женишинер керек!Дагы мурдагыдай женилип шымынарды толтуруп кайтпай!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан