Сузакта 7-класстын окуучусу үйүнүн чатырындагы устунга асынып алды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 7-класста окуган бала асынып каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 13-май күнү саат 10:00 чамасында болгон. Анда 2007-жылы туулган 7-класстын окуучусу үйүнүн чатырындагы устунга пресс жип менен өзүн-өзү асып алып каза болгон.

Бул факты Сузак РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү иштери башталган.

"Баланын денесине сырттан кароо жүргүзгөн учурда баланын денесинде жаракаты жок экендиги аныкталган. Бул окуя боюнча баланын атасы арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартты", - деп билдиришти облустук милициядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zarema11
2021-05-14 14:16:06
Иий жайы жаннатан орун алсын. Шайтан басып кеттиби ушундай шумдугуң кургур илдеттер Кудайым өзүң сактачы.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан