реклама
super.kg logo

"Аалам толо сүйүү бердиң сен мага..." Чыгармачылыктын чыйырында үй-бүлөнүн баалуулуктарын бекем сактап, үлгүлүү үй-бүлө катары таанылган атактуулар

 
Бүгүн, 15-май - Үй-бүлөнүн эл аралык күнү. Үй-бүлө - бул кичинекей мамлекет. Ошол мамлекетте тынчтык, бейкутчулук болсо ал үй-бүлө элге үлгү болчу үй-бүлөдөн болот. Үй-бүлө куруу - жалпы эле адамзаттын милдети, тукумун улоо, балдарга жакшы тарбия берүү эмеспи.

Турмуштун оош-кыйышын, ачуу-таттуусун бирге жеңип, эл көзүндө да үлгүлүү үй-бүлө болуп жашаш ар бир эле адамдын колунан келе бербейт эмеспи. SUPER.KG порталы 10, 20, 30, 40 жылдан ашуун убакыттан бери түтүн булатып үй-бүлө очогун гана эмес, чыгармачылыкты да бирдей алып, коомчулукка үлгүлүү үй-бүлө катары таанылган атактууларды тизмектеп көрдү.

«Бал шириндер», бүгүнкү күндө жаштардын үлгүлүү үй-бүлө катары сүймөнчүгүнө татыган ырчылар Урмат Усенов менен Нелянын баш кошконуна 13 жыл болду. Үй-бүлө менен чыгармачылыкты бирдей алып келе жаткан жубайлардын ортосунда Нурэл аттуу уулу жана Жазэл аттуу кызы бар.

Бири-бирин ар тараптан толуктап турган, театрда, кино жаатында да эгиз козудай ээрчишип эмгектенип келе жаткан актёр Арнис Кыдырмышев менен актриса Альбина Имашованын баш кошконуна быйыл 16 жылдын жүзү болду.  Жубайлар учурда 3 кыздын бактылуу ата-энеси.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев жубайы Нурзада менен баш кошконуна 25 жылдын жүзү болду. Жубайлар учурда 2 уул, 2 кызды тарбиялап келишүүдө.

Кыргыз Эл артисти Курмангазы Азыкбаев жубайы Зина менен баш кошконуна 30 жылдан ашуун убакыт болду. Жубайлар 6 баланын ата-энеси, неберелеринин сүйүктүү чоң ата, чоң эне, таята, таенеси.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова жолдошу Эржан экөө мындан 32 жыл мурун баш кошушкан. Үй-бүлө менен чыгармачылыкты алып кетүү аялзаты үчүн абдан оор болгонуна карабай бүгүнкү күндө үлгүлүү үй-бүлөнүн катарын толуктап келет. Бүгүнкү күндө жубайлар 2 уул, 1 кыздын ата-энеси, 6 неберенин чоң ата, чоң энеси, таене, таятасы.

Кыргыз Эл артисти Эгемберди Бекболиев менен жубайы, актриса Айсалкын Осмонованын түтүн булатканына 44 жыл болду. Жубайлардын 1 уул, 1 кызы, 6 небереси бар. Жубайлар 44 жылдан бери бир театрда ээрчишип эмгектенип келишет Алар  «Чиркин өмүр» телесериалында гана бир үй-бүлөнүн ролун аткарышкан.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери Атайбек Бөдөшов менен Каныкей Эралиеванын баш кошконуна быйыл 47 жыл болот. 47 жылдан бери чыгармачылыкта да эгиз козудай ээрчишип, эриш-аркак келе жаткан түгөйлөр учурда 1 уул, 1 кыздын ата-энеси, неберелеринин сүйүктүү чоң ата, чоң энеси, таята-таенеси.

Урматтуу окурман! Сиз дагы кайсы атактуу жубайларды үлгүлүү үй-бүлө катары баалайсыз, жообун комментарийге калтырыңыз.

15-майга карата жылнаама.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(7)
15.05.2021. 15:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
23-10-2020
Соӊку аракети:
18-06-2021 07:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай бактылуу уй булоолор айрыкча урмат неля
15.05.2021. 15:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
04-09-2020
Соӊку аракети:
18-06-2021 02:02
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кайсынысы коп омур сургон болсо ошону баалаймын бактылуу болунузар
15.05.2021. 18:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
17-06-2021 23:53
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алинааа, Эралиева, Бекболиев дегеле баарынар бактылуу болгула. Үлгүлүү үй бүлөөдөн болгула.
15.05.2021. 22:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
100
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
17-06-2021 23:17
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урмат Неля 2-чи кенеш тобу дедим эле ачпай туруп. Кенеш тобу жок го
16.05.2021. 00:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
17-06-2021 19:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатыбалды Далбаев менен мириада далбаевалар улгулуу болушкан! Курмангазы Азыкбаевге жубайы татыксыз
16.05.2021. 07:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
24-06-2012
Соӊку аракети:
18-06-2021 07:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
+1
Эмнеге Бек Борбиевди жазбайсынар?ал дагы татыктуу бактылуу уй-булого.
16.05.2021. 08:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
114
Катталган:
23-07-2018
Соӊку аракети:
18-06-2021 03:07
Жынысы:
Белгисиз
+3
nunu77,анын аялдары коп да,улгулуу эмес да))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170512;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: